super.kg logo

Кыргызстанда БАЭнин инвесторлору менен асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү долбоору талкууланды

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Бириккен Араб Эмираттарынан келген делегация менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстанда заманбап асыл тукум мал чарбасын түзүүгө багытталган инвестициялык долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Тараптар жогорку өндүрүмдүү асыл тукум малдарды Кыргызстанга алып келүү, аларды багуу үчүн заманбап шарттарды түзүү жана ветеринардык тейлөөнү жакшыртуу маселелерин карашты.

Ошондой эле мал чарба комплекстерин түзүү, сапаттуу тоют базасын өнүктүрүү, селекциялык-генетикалык иштерди күчөтүү жана тармак үчүн адистерди даярдоо боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушууда инвестициялык долбоорду ишке ашырууда ветеринардык жана санитардык талаптарды сактоо, тиешелүү инфраструктураны түзүү жана Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу маанилүү экени белгиленди.

Жыйынтыгында тараптар долбоордун мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары биргелешип карап чыгып, конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууга жана кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: