Чүйдө эс алуучулар эки тоо текенин күч сынашып жатканына күбө болушту (видео)
Чүй облусунун тоолуу аймактарынын биринде эс алуучулар эки тоо текенин бири-бири менен күч сынашып жатканына күбө болушту. Мындай видеону 28-сентябрда Жарытылыш министрлиги бөлүштү.
Видеодон сүзүшүп жаткан тоо текенин айланасында башка тоо текелер жана эчкилер чогулуп, алардын аракетин байкап турушканын көрүүгө болот.
"Тоо текелердин мындай күч сынашуусу жаныбарлардын табигый жүрүм-турумунун бир көрүнүшү болуп саналат. Айрыкча көбөйүү мезгилинде эркек текелердин ортосундагы атаандаштык күчөп, алар өз ара үстөмдүк орнотуу үчүн күч сынашы мүмкүн",- деп айтылат маалыматта.
Чүйдө эс алуучулар эки тоо текенин күч сынашып жатканына күбө болушту
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















