Өзгөндө турак үйдөн чыккан өрт 500 метр аянтты жалмап кетти (видео)
Кечээ, 27-сентябрда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Маалыматты ӨКМдин аймактагы башкармалыгы тастыктады.
Өрттү өчүрүү иштерине жалпы 3 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 18:50дө чектөөгө алынып, бүгүн, 28-сентябрда саат 02:20да толук өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжол менен 500 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жана каза болгондор жок. Төрт жаран чыгымга учурады.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери жана материалдык чыгым такталууда.
Өзгөндө турак үйдөн чыккан өрт 500 метр аянтты жалмап кетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:03
2026-11-14
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















