Ошто курулуш компаниясына аймакты калыбына келтирүүгө бир жума убакыт берилди
Бүгүн, 28-сентябрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жарандардын кайрылуусунун негизинде Ош шаарындагы Курманжан-Датка көчөсү, 54 дарегиндеги курулуш объектисин текшерди.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында «Алтын Строй Групп» компаниясына аймакты мурдагы абалына келтирип, бузулган тротуарды оңдоону бир жуманын ичинде аяктоо тапшырмасы берилди.
Мындан тышкары, тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралды. Ош шаардык Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын инспектору кызматынан бошотулуп, башкармалыктын жетекчисине катуу сөгүш жарыяланды.
Маалыматка ылайык, аталган объект буга чейин да бир нече жолу текшерилген. 7-апрелдеги текшерүүдө архитектуралык-уруксат берүүчү документтерсиз жана мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу жок курулуш жүрүп жатканы аныкталып, компанияга 200 миң сом айып пул салынып, иш токтотулган.
22-июндагы кайра текшерүүдө тротуар бузулганы аныкталып, компанияга дагы 200 миң сом айып пул салынган.
7-июлда атайын комиссиянын чечими менен «Алтын Строй Групп» ЖЧКсынын лицензиясы токтотулуп, компания кара тизмеге киргизилген.
Ошондой эле тиешелүү материалдар ИИМге, Ош шаардык прокуратурасына жана УКМКнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















