super.kg logo

Активист Мавлян Аскарбеков 2 жылга эркинен ажыратылды

 

Бүгүн, 29-сентябрда Ленин райондук соту активист Мавлян Аскарбековго 2 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Активист Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт. Өкүмгө Бишкек шаардык сотуна даттанууга болот.

Айта кетсек, Аскарбеков 13-июнда УКМК тарабынан кармалган. Ал социалдык тармактардагы баракчасынан чет өлкөлүк жарандар тууралуу билдирүүлөрдү жарыялап келген. 28-сентябрда мамлекеттик айыптоочу аны 4 жылга эркинен ажыратууну сураган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: