Орусиядагы ЖККУнун машыгуусунда "Манас" айтылып, жоокерлер ураан чакырышты
Орусиянын Чебаркуль полигонунда "Манас" жаңырды. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.Маалымдалгандай, 29-сентябрда ЖККУ мүчө мамлекеттердин биргелешкен машыгууларынын алкагында Кыргызстандын маданият күнү өткөрүлгөн. Иш-чарада машыгуунун катышуучуларына кыргыздын улуттук тамак-ашы тартууланып, музыкалык аспаптар көрсөтүлүп, концерттик программа уюштурулган.
Концерттик программада "Манас" эпосунан үзүндү айтылып, Кыргыз жоокерлери Манастап ураан чакырышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















