Нарын бажысы декларацияланбаган товарлардын 36 түрүн аныктады (видео)
Нарын бажысы белгиленген тартипте декларацияланбаган товарлардын 36 түрүн аныкташты. Бул тууралуу 29-сентябрда Бажы кызматынан маалымдашты.
Маалымдалгандай, Кытайдан транзиттик декларация боюнча товарлардын партиясы келген. Текшерүүнүн жүрүшүндө декларацияланбаган товарлардын бар экендиги аныкталган. Бул факты боюнча белгиленген тартипте тиешелүү актылар түзүлүп, товарлар ЕАЭБ Бажы кодексинин 379-беренесине ылайык кармалган.
Натыйжада мамлекеттик бюджетке 5 миллион 681 миң 823 сом өндүрүлдү.
Нарын бажысы декларацияланбаган товарлардын 36 түрүн аныктады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















