Туңгучта жаңы курулуштан улам коңшу үйлөр коркунучта калды (видео)
Бишкектин Туңгуч кичи районунда жайгашкан 9 кабаттуу курулуш объектисинде бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу кечээ, 29-сентябрда Курулуш министрлиги маалымдады.
Маалым болгондой, жер казуу иштери (котлован) бекитилген долбоордук чечимдерден четтөө менен казылган. Буга байланыштуу жакын жайгашкан турак үйдүн пайдубалына зыян келтирүү коркунучу жаралып, коопсуздук талаптары бузулган.

Жыйынтыгында “МАЭК Строй” ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Объекттеги иштер белгиленген курулуш ченемдерине ылайык келтирилгенге чейин токтотулду.
Туңгучта коопсуздук талаптарын бузган объекттин курулушу токтотулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















