Бишкек бийлиги экс вице-мэрлерге ачылган кылмыш иштери боюнча маалымат таратты
Бишкек мэриясы мэрдин мурдагы орун басарларына байланыштуу кылмыш иштери тууралуу маалымат таратты.
- Талайбек Байгазиевдин кылмыш иши УКМКнын борбордук аппаратында тергелүүдө. Учурда иштин материалдары сотко өткөрүлө элек.
- Жамалбек Ырсалиевди 5-июнда Бишкек шаардык соту анын аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу толугу менен актаган.
- Азамат Кадыровго карата 23-сентябрда Ленин райондук соту 20-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта кармоо чечимин чыгарган.
- Максат Сазыкуловго карата 3-августта Жогорку сот мурда кабыл алынган сот чечимдерин жокко чыгарган. Анын аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу кылмыш иши толугу менен кыскартылган.
- Азат Узаков 2022-жылдын февраль айында УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Алгач ага "Коррупция" беренеси боюнча айып тагылып, кийин кылмыш иши "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесине кайра квалификацияланган. Тергөө иштери аяктаган. Ишти кароонун жыйынтыгында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту аны реабилитациялануу укугу менен актоо өкүмүн чыгарган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















