super.kg logo

"Евразиянын" сегизинчи социалдык дүкөнү Көк-Жарда ачылды

 

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкектин Көк-Жар айылында "Евразия" социалдык дүкөндөр тармагынын сегизинчи филиалы салтанаттуу түрдө ачылды.

"Евразия" дүкөндөрү биринчи кезекте керектүү товарларды жарандардын ар кандай категориялары үчүн жеткиликтүү кылуу максатында иштейт. Кардарлар азык-түлүк жана башка керектүү товарларды төмөндөтүлгөн баада сатып ала алышат.

"Биз дүкөндөрдүн санын гана эмес, кардарлар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү да акырындык менен кеңейтип жатабыз. Дүкөндөрдө балдар ата-энесин күтүп отура турган атайын бурчтар пайда болду. Ал эми жай мезгилинде террасаларды ачабыз. Биз үчүн дүкөн жарандар керектүү товарларын сатып алган жай гана болбостон, убакыт өткөрүп, жаңы адамдар менен таанышып, баарлаша ала турган мейкиндик болушу маанилүү", - деди "Евразия" социалдык дүкөндөрүнүн жетекчиси Антон Арский.

Дүкөндөн соода кылуу үчүн социалдык карта алуу керек. Аны тармактын каалаган филиалынан кадар өз наамына ачтыртып алса болот. Карта пенсионерлерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, көп балалуу жана толук эмес үй-бүлөлөргө, мугалимдерге, студенттерге, медицина кызматкерлерине, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине жана жашы жете элек балдардын ата-энелерине берилет.

Дүкөндөрдө "Социалдык себет" долбоору да иштейт. Анын курамына ай сайын биринчи кезекте керектелүүчү азык-түлүктөр киргизилип, алар өздүк наркынан төмөн баада сатылат. Баалардын айырмасын "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюму төлөп берет.

Учурда "Евразия" социалдык дүкөндөр тармагында сегиз филиал иштеп жатат. Алар: Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсү №146/1, Асанбай кичирайону №8/3 жана Туңгуч кичи району №6/1, Акматбек Сүйүмбаев көчөсү №17, Москва көчөсү №7, Манас көчөсү №97, Юнусалиев көчөсү №159, ошондой эле Чүй облусунун Будёновка айылындагы Ленин көчөсү №153 жана Көк-Жар айылындагы Сейтек көчөсү №46 даректеринде жайгашкан.

Белгилей кетсек, долбоор "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюму менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн кызматташуу жөнүндө меморандумдун алкагында ишке ашырылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: