Окуу китептерин даярдоо жана басып чыгаруу маселеси талкууланды
Бүгүн, 30-сентябрда, Агартуу министрлигинде жалпы билим берүү мектептерин окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу маселеси талкууланды.
Жыйын министр Догдуркүл Кендирбаеванын төрагалыгы алдында өттү. Ага илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, Улуттук илимдер академиясынын, жогорку окуу жайлардын жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Кеңешмеде окуу китептерин жана аларга кошумча иш дептерлерди, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолорду даярдоо, басып чыгаруу жана сапатын камсыз кылуу маселелери каралды.
Министр Догдуркүл Кендирбаева окуу китептериндеги маалыматтар илимий булактар жана фактылар менен тастыкталып, окуучуларга түшүнүктүү тилде жеткирилиши керектигин белгиледи.
Жыйынтыгында окуу-методикалык комплекстерди даярдоо жана мектептерди алар менен камсыз кылуу боюнча бирдиктүү иш-план иштеп чыгуу макулдашылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















