super.kg logo

Аймактарда 406,5 миллиард сомдук 208 инвестициялык долбоор аныкталды

 

Бүгүн, 30-сентябрда, өлкөнүн аймактарындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана каржылоо маселелери боюнча кеңешме өттү.

Жыйындын алкагында 7 облус, 40 район жана республикалык, облустук маанидеги 12 шаар боюнча жалпы баасы 406,5 миллиард сомду түзгөн 208 инвестициялык долбоордун тизмеси түзүлгөнү маалымдалды.

Долбоорлордун 74ү өнөр жай, 33ү туризм, 30у социалдык инфраструктура, 27си айыл чарба, 18и энергетика, 16сы транспорт, логистика жана индустриалдык парктар тармагына тиешелүү.

Кеңешмеде долбоорлорду каржылоо, аларды даярдоого эксперттик көмөк көрсөтүү жана мамлекеттик колдоо механизмдери талкууланды.

Жыйынтыгында өнүктүрүү институттары менен мамлекеттик банктарга долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгып, демилгечилерге техникалык-экономикалык негиздеме, финансылык модель жана бизнес-план даярдоодо жардам көрсөтүү сунушталды.

Экономика жана коммерция министрлигине долбоорлорду ишке ашыруу жана мамлекеттик колдоо механизмдерин иштеп чыгуу боюнча иштерди уюштуруу тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: