Ошто пробациядагы жарандарды коомго кайра аралаштыруу маселеси талкууланды
30-сентябрда Ош шаардык мэриясында Пробация боюнча кеңештин кезектеги отуруму өттү. Жыйынды Ош шаарынын мэринин орун басары, кеңештин төрайымы Масуда Айдарбекова алып барды.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, отурумда пробациялык көзөмөлдө турган жарандардын социалдык абалын жакшыртуу, турмуштук көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүү жана алардын коомго кайрадан аралашуусуна шарт түзүү маселелери каралды.
Ошондой эле буга чейинки отурумдарда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы талкууланып, жарандарга көрсөтүлүп жаткан социалдык, медициналык жана материалдык жардамдардын натыйжалуулугу боюнча пикирлер айтылды.
Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмалар берилип, алардын аткарылышын көзөмөлдөө милдети белгиленди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:21
2026-09-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















