super.kg logo

Израилдин коргоо министри Flydubai учагындагы окуяны теракт аракети деп атады

 

Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Дубайдан Тель-Авивге учуп бараткан Flydubai учагындагы окуяны теракт аракети катары баалады.

FZ1073 каттамы 30-сентябрда учуп бара жаткан учурда өзгөчө кырдаал тууралуу сигналдарды берген. Кийин учак Сауд Арабиясынын Табук шаарындагы аэропортко конууга аргасыз болгон. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Израилдин расмий өкүлдөрү экинчи пилот командирге бычак менен кол салып, учакты кыйроого алып келүүгө аракет кылган болушу мүмкүн деп эсептешүүдө.

Окуядан кийин учак тез арада бийиктигин төмөндөтүп, багытын өзгөрткөн. Бортто 174 жүргүнчү болгондугу тууралуу маалымат тараган. Учак аман-эсен конгон.

Израилдин бийлиги окуяны коопсуздук жагынан иликтеп жатат. Ошол эле учурда окуянын себептери боюнча башка версиялар да каралууда. Айрым маалыматтарда пилоттордун ортосундагы мушташ себеп болгону айтылса, Израилдеги айрым расмий өкүлдөр бул окуя теракт болушу мүмкүн деген версияны карманууда.

Окуя боюнча иликтөө уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: