super.kg logo

Агартуу министрлиги мектептерде акча чогултуу боюнча эскертүү таратты

 
Мектептерде окуучулардан жана ата-энелерден мыйзамсыз акча каражатын чогултууга тыюу салынат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги 30-сентябрда тараткан маалыматта айтылат.
Мындай аракеттер үчүн Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик каралган.
"Ата-энелер тарабынан да мыйзамсыз акча каражатын чогултууга жол берилбейт жана мыйзамда белгиленген учурларда жоопкерчилик каралат", - деп эскертти министрлик.

Маалыматка ылайык, быйыл өлкөдөгү мектептер үчүн чарба жана кеңсе товарларын сатып алууга республикалык бюджеттен 205,5 миллион сом, ал эми учурдагы оңдоо иштерине 404,8 миллион сом бөлүнгөн.

Айта кетсек, 30-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу мектепрде ата-энелерден көмүскө акча чогултуулар болуп жатканын айткан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: