super.kg logo

Үй, унаа, акча... Өзбекстанда шахмат олимпиадасынын чемпиондору сыйланышты (видео)

 

29-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев шахмат жана парашахмат олимпиадасынын жеңүүчүлөрүнө берилүүчү сыйлыктарды жарыялады. Бул тууралуу өзбекстандык маалымат каражаттары билдиришти.

Олимпиада чемпиондору Нодирбек Абдусатторов, Жавохир Синдоров, Нодирбек Якуббоев, Мухиддин Мадаминов жана Шамсиддин Вохидов үй жана унаа алышты. Ошондой эле ар бир шахматчыга 200 миң доллардан, ал эми алардын машыктыруучуларына 50 миң доллардан берилди.

Парашахматчылар да үй жана унаа менен сыйланышты. Ал эми коло медаль алган парашахматчыларга 50 миң доллардан, машыктыруучуларына 12,5 миң доллардан берилди.

Эскерте кетсек, 2026-жылкы 46-Дүйнөлүк шахмат олимпиадасы Өзбекстандын Самарканд шаарында өттү. Мелдеш 15-27-сентябрь күндөрү уюштурулуп, ага эркектер арасында 208, аялдар арасында 191 өлкө катышты. Эркектер арасында Өзбекстан алтын, Индия күмүш, Германия коло утса, аялдар арасында Кытай алтын, Казакстан күмүш, Индия коло медаль алды.






Өзбекстанда шахмат олимпиадасынын чемпиондору үй жана унаа менен сыйланышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: