WhatsApp өспүрүмдөр үчүн ата-эненин көзөмөлүн күчөтөт
WhatsApp өспүрүмдөрдүн аккаунттары үчүн ата-эненин көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти. Бул тууралуу компания кечээ, 30-сентябрда билдиргенин чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Эми ата-энелер баласы жаңы тайпага кошулганда же тайпадан чыкканда билдирүү ала алышат. Ошондой эле профилдик сүрөтүн ким көрө аларын, ким тайпага кошо аларын жана Channels функциясын колдонуу мүмкүнчүлүгүн жөнгө сала алышат.
Мындан тышкары, ата-энелер Meta AI үчүн кадимки "13+" же чектелген режимди тандай алышат. Айрым жөндөөлөрдү өзгөртүү үчүн ата-эне койгон PIN-код талап кылынат.
Ошол эле учурда ата-энелер өспүрүмдүн жеке каттарын жана чалууларын көрө алышпайт. WhatsApp аларды аягына чейин шифрлөө аркылуу коргой турганын билдирди. Жаңы функциялар каалоого жараша колдонулат жана азырынча айрым аймактарда акырындык менен киргизилүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















