super.kg logo

Өлкөдө бюджет тармагында иштегендер октябрда жогорулатылган айлык алышат

 

Октябрда бюджеттик мекемелердин кызматкерлери сентябрь айындагы айлыкты жогорулатылган өлчөмдө алышат.

1-сентябрдан тарта Кыргызстанда 46 миңден ашык бюджеттик кызматкердин айлыгы көтөрүлдү. Жаңы эмгек акы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, техникалык жана кенже тейлөө персоналдарына, ошондой эле күч түзүмдөрүндөгү жарандык кызматкерлерге тиешелүү.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча:

  • Мамлекеттик кызматкерлерге - орточо 41 пайыз;
  • Муниципалдык кызматкерлерге - 47 пайыз;
  • Мамлекеттик кызматкер категориясына кирбегендерге - 45 пайыз;
  • Контрактта иштегендерге - 21 пайыз;
  • Техникалык персоналга - 58 пайыз;
  • Кенже тейлөөчү персоналга - 75 пайыз.

Мамлекеттик аппаратта айлык орточо эсеп менен 35,4 миң сомдон 51 миң сомго чейин жогорулаган. Мындан тышкары, айрым кызматкерлерге 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: