5-октябрда "Бишкек Арена" стадионунун ачылышына байланыштуу акысыз автобустар каттайт. Бул тууралуу 1-октябрда калаа мэриясы билдирди.
Ал белгиленген жөнөө пункттарынан "Бишкек Аренага" чейин жана кайра кайтуу багытында каттам жүргүзөт.
Ага жалпысынан 10 автобус каттамы тартылат. Жарандарды "Бишкек Аренага" жеткирүү саат 15:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт.
Жөнөө пункттары жана каттамдар:
- №1: Өчпөс от (Ибраимов көчөсү – Фрунзе көчөсү) → "Бишкек Арена".
- №2: Батыш автобекети (Жибек Жолу проспекти – Кулиев көчөсү) → "Бишкек Арена".
- №3: Киркомстром (Барпы Алыкулов көчөсү, 32) → "Бишкек Арена".
- №4: Асанбай кичи району (Токомбаев көчөсү, 3/7) → "Бишкек Арена".
- №5: "Ак-Кула" автобекети (Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1) → "Бишкек Арена".
- №6: Аламүдүн-1 кичи району (Ауэзов көчөсү, 4) → "Бишкек Арена".
- №7: Көк-Жар конушу (Ахунбаев көчөсү – Достоевский көчөсү) → "Бишкек Арена".
- №8: Фрунзе көчөсү (Гагарин көчөсү, 284) → "Бишкек Арена".
- №9: Абдымомунов көчөсү, 220 → "Бишкек Арена".
- №10: Сухэ-Батор көчөсү ("Глобус" маркети) → "Бишкек Арена".

Супер-Инфо
super.kg видео
















