"Эмоцияга алдырбаңыз". Депутаттын сиркеси суу көтөрбөй кетти (видео)
Бүгүн, 1-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Советбек Рустамбек уулу салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматовго суроо берип жатып жиндене түштү.
"Жанындагы ким? Алаксытпай турсаңыз! Эй, токтотуп койгула, убакыт кетип жатат!",- деди эл өкүлү.
Шыкмаматов: "Эмоцияга алдырбаңыз",- деп жубатты. Буга жыйындагылар күлүштү.
"Эмоцияга алдырган жокмун. Сиз деле бардыгын урушуп жатпайсызбы. Азыр четинен эле урушуп чыктыңыз го. Баарына акыл үйрөттүңүз го",- деди Рустамбек уулу.
Айта кетсек, бүгүнкү отурумда Шыкмаматов депутат Элвира Сурабалдиева менен кайым айтыша кеткен.
"Эмоцияга алдырбаңыз". Депутаттын сиркеси суу көтөрбөй кетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















