Сауд Арабиясы Меккедеги "жанкечтинин" кармалышы тууралуу маалымат берди (видео)
Кечээ, 1-октябрда социалдык тармактарда Меккедеги Ыйык мечитте Каабанын жанынан жардыргыч зат тагылган жанкечти-террорчу кармалганы тууралуу маалымат тараган. Сауд Арабиясынын бийлиги бүгүн, 2-октябрда бул маалыматты четке какканын чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, коопсуздук кызматкерлери зыяратчыларга тийишип, өзүн туура эмес алып жүрүп, дүрбөлөң жараткан адамды кармашкан. Анын жанынан курал же жардыргыч зат табылган эмес.
Сауд Арабиясы Меккедеги "жанкечтинин" кармалышы тууралуу маалымат берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















