Шакиранын Бишкектеги концертине карата челленж жарыяланды (видео)
Шакиранын Бишкекте өтө турган концертине карата "Шакиранын ырына бийлеп, концертке билет утуп ал" деген чакырык менен челленж жарыяланды.
"Бишкек Аренанын" социалдык тармактагы баракчасында жарыялаган видеодо челленжге президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев командасы менен катышканын көрүүгө болот. Челленж бүгүн, 3-октябрда Бишкектин четиндеги тоодо тартылган.
Айта кетсек, Шакиранын концерти 18-октябрда "Бишкек Аренада" болот. Бул дүйнөлүк ырчынын Борбор Азияга биринчи туру болмокчу.
Шакира 30 жылдык карьерасында "Whenever, Wherever", "Hips Don’t Lie", "Waka Waka", "She Wolf", "Chantaje" сыяктуу атактуу хиттерди жараткан.
Каныбек Туманбаев командасы менен "Шакиранын" ырына бийлеген челлендж жарыялады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:21
2026-11-02
9:25
2026-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















