Бишкекте жаңы 12 автобус каттамга чыгарылды
Бүгүн, 8-октябрдан тарта Бишкек шаарындагы №53 автобус каттамын Yutong үлгүсүндөгү 12 жаңы автобус тейлей баштады.Калаа мэриясы билдиргендей, каттам Чоң-Арык айылы (Семетей көчөсү) — айланма каттам багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташыйт.
Белгилей кетсек, сентябрь айында борборго узундугу 12 метр болгон YUTONG үлгүсүндөгү 95 жаңы автобус алынып келген. Учурда автобустар этап-этабы менен каттамдарга чыгарылууда.
Бул үлгүдөгү автобустар кондиционер менен жабдылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:21
2026-11-02
9:25
2026-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















