Бишкекте жаңы курулуштун чатырындагы өрт 800 чарчы метр аянтты жалмап кетти (видео)
Кечээ, 11-октябрда Бишкек шаарындагы Көк-Жар кичирайонунда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн чатырынан өрт чыгып, толук өчүрүлдү.ӨКМдин борбордогу башкармалыгы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө 5 күжүрмөн эсеп, 2 автошаты, штаб тартылды. Тилсиз жоо саат 20:30 чамасында чектөөгө алынып, саат 21:46 чамасында толук өчүрүлдү.
Өрттүн аянты болжол менен 800 чарчы метрди түзгөндүгү маалыматта кошумчаланды. Кырсыктан жабыркагандар жок.
Бишкекте жаңы курулуштун чатырындагы өрт 800 метр аянтты жалмап кетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2026-10-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















