Панамадагы жер титирөөдөн 6 миңден ашык адам жабыркады
Панамада болгон жер титирөөдөн 6 миң 174 адам жабыркап, каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу кечээ, 12-октябрда өлкөнүн президенти Хосе Рауль Мулино элге кайрылуусунда билдиргенин ТАСС маалымат агенттиги жазды.
Президенттин айтымында, учурда 1744 үй текшерилип, жер титирөөдөн келтирилген зыяндын көлөмү аныкталууда. Өкмөт жабыркаган аймактарга азык-түлүк жана ичүүчү суу жеткирүү, жолдорду жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүү, электр энергиясын берүү иштерин жүргүзүүдө.
Ошондой эле бийлик жабыркаган үйлөрдү оңдоо үчүн курулуш материалдарын жеткирүүнү жана жаңы үйлөрдү курууну пландап жаткандыгы маалым болду.
Белгилей кетсек, 9-октябрда Панаманын түштүгүндө күчү 7,7 жана 6,6 баллга жеткен эки жер титирөө катталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:40
2026-10-13
17:03
2026-10-13
11:31
2026-10-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















