Маврикийде баш аламандыктар күчөп, өкмөт чукул жыйын чакырды
Маврикийдин премьер-министри Навин Рамгулам өлкөдө болгон баш аламандыктарга байланыштуу министрлер кабинетинин чукул жыйынын чакырды. Бул тууралуу өкмөт башчынын кеңсеси маалымдагандыгын чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, шейшембиге караган түнү Маврикийдин ар кайсы аймактарында массалык баш аламандыктар болгон.
Чукул жыйында министрлер учурдагы кырдаалды талкуулап, коомдук тартипти калыбына келтирүү боюнча биргелешкен чараларды көрүүнү карашат.
Премьер-министр өлкөдө тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо, коомдук тартипти камсыз кылуу жана жарандардын коопсуздугун коргоо маанилүү экенин белгилеген.
Ошондой эле Маврикийде чет элдик жарандарды эл көп чогулган жерлерге барбоого жана зарылчылык болбосо унаа менен жүрбөөгө чакыруу жасалды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















