Казакстанда Кенесары хан тууралуу пикир айткан кыргызстандык эки студентке карата тергөө башталды
Казакстанда Кенесары хан тууралуу түз эфирде өз ойлорун айткан кыргызстандык эки студентке кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Казак басылмалары адвокат Мейрман Шекейевге шилтеме берип жазышууда.
Маалым болгондой, адвокат буга чейин студенттердин сөздөрүнө укуктук баа берүү өтүнүчү менен полицияга кайрылган. Бирок иш кайсы берене боюнча тергелип жатканы азырынча белгисиз.
Астананын полициясы азырынча расмий маалымат бере электигин басылмалар кошумчалады.
Эскерте кетсек, студенттердин билдирүүсүнөн кийин социалдык тарамактар түрдүү ой-пикирлерге толгон. Кыргызстандык студенттер кийин кечирим сурашкан.
Бул арада Кыргызстандын ТИМи студенттер учурда өлкөдө экенин билдирди. Азырынча алар тиешелүү мекемелерге жардам сурап кайрылбаганы кошумчаланды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















