Кыргызстан жана Орусиянын саламаттык сактоо министрлери жолугушту (видео)
Бүгүн, 14-октябрда Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында орусиялык кесиптеши Михаил Мурашко менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган жолугушууда саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкууланып, эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алмашышты.
"Кыргызстандын дэлегациясы Москва хирургдарынын XI конгресси менен биргеликте өтүп жаткан Орусия хирургдарынын XVII съездине катышты. Иш-чаранын алкагында делегация мүчөлөрү хирургия тармагындагы акыркы заманбап жетишкендиктер, жаңы технологиялар жана алдыңкы тажрыйбалар менен жакындан тааныша алышты",- деп кошумчаланды маалыматта.
Кыргызстан жана Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлери жолугушту (видео)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:31
2026-10-14
14:39
2026-10-14
11:26
2026-10-14
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















