super.kg logo

Өзгөчө булуттар жер титирөөнүн алдын ала белгисиби? (видео)

 

Бүгүн, 14-октябрда Чилинин Кокимбо аймагына жакын жерде күчү 5,1 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдиришти.

Маалыматка караганда, Чилиде октябрь айында бир нече жер титирөө катталды. Кырсыктын алдында асманда өзгөчө формадагы булуттар байкалып, социалдык тармактарда талкуу жаратууда. Колдонуучулар бул көрүнүштү 2023-жылы Түркиядагы кыйраткыч жер титирөөгө чейин пайда болгон булуттарга окшоштуруп жатышат.

Бул көрүнүштөрдөн улам "өзгөчө булуттар жер титирөөнүн алдын ала белгиси болушу мүмкүнбү?" деген суроо жаралууда.

Бирок окумуштуулар мындай булуттарды жер титирөөнүн алдын ала белгиси катары кароого жетиштүү илимий далилдер жок экенин белгилешет.

Метеорологдордун маалыматына ылайык, линза сымал булуттар аба агымдары тоолорду ашып өткөндө пайда болушу мүмкүн. Алар атмосферадагы табигый процесстердин натыйжасы болуп саналат.






Өзгөчө булуттар жер титирөөөнүн алдын ала белгисиби?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: