super.kg logo

Бишкекте шаар четине каттаган таксилер Чыгыш автобекетине көчүрүлөт

 

Бүгүн, 14-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен Чыгыш автобекетинде жаңы унаа токтотуучу жай даярдалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалымдалгандай, эми Аламүдүн базарынын тегерегинде баш аламан токтоп, жүргүнчү ташыган таксилер жана минивэндер (чыгыш, түндүк-чыгыш, түштүк-чыгыш багыттары) Чыгыш автобекетинин маңдайындагы атайын аянтчага көчүрүлөт.

Бул чечим чектеш көчөлөрдөгү жол тыгындарын азайтуу жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынды. Мэрия шаар тургундарынан жана конокторунан бул өзгөрүүлөрдү эске алууну өтүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: