Бишкекте жаңы амфитеатр ачылды
Бүгүн, 14-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Панфилов паркынын жанында жаңы амфитеатрдын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалым болгондой, шаар башчысы элдин маданий-руханий деңгээлин көтөрүп, жагымдуу эс алуусун камсыз кылуу үчүн түзүлүп жатканын билдирди.
"Мындан ары ар жума жана ишемби күндөрү Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бул аянтчада концерттик программалар уюштурулуп, өнөрпоздор менен артисттердин чыгармалары тартууланып турат. Ал эми аптанын калган күндөрү амфитеатр маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө берилет",- деп кошумчаланды маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















