Мьянмадагы кылмыштуу топтун үч жетекчиси Кытайда өлүм жазасына кесилди (видео)
Кытайда Мьянманын түндүгүндө иш алып барган Вэй үй-бүлөсүнүн кылмыштуу тобунун үч жетекчиси өлүм жазасына кесилди. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка ылайык, топ 2019-жылдан тартып телефон жана интернет аркылуу алдамчылык, кумар оюндарын уюштуруу, опузалап акча талап кылуу жана баңгизат соодасы менен алектенген. Алардын мыйзамсыз ишмердигине байланышкан каражаттын көлөмү 12,2 миллиард юанды түзгөн.
Мындан тышкары, дагы үч адам өмүр бою эркинен ажыратылып, 55 адамдын ар бири кылмышына жараша 3 жыл 3 айдан 24 жылга чейин түрмөгө кесилгени белгилүү болду.
Белгилей кетсек, буга чейин Мьянмадагы алдамчылык менен алектенген Мин үй-бүлөсүнүн кылмыштуу тобунун 11 мүчөсү 2026-жылдын январында Кытайда өлүм жазасына тартылган. Ал эми Бэй үй-бүлөсүнүн 4 мүчөсү да февралда өлүм жазасына тартылганы кабарланган.
Маалыматка караганда, Мьянманын түндүгүндөгү кылмыштуу топторго байланыштуу Мин, Бэй, Вэй жана Лю аттуу төрт үй-бүлө белгилүү.
Мьянмадагы кылмыштуу топтун үч жетекчиси Кытайда өлүм жазасына кесилди
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















