Өлгөн баласын көтөрүп алган пил... Дүйнөдөгү мыкты сүрөттөр (сүрөттөр)
Кечээ, 13-октябрда Лондондогу Жаратылыш тарыхы музейи тарабынан уюштурулган "Жылдын мыкты жапайы жаратылыш фотографы" сынагынын жеңүүчүлөрү жарыяланганын чет элдик басылмалар жазышты.
Башкы байге жана "Жылдын мыкты фотографы" наамы италиялык Федерико Веронезиге ыйгарылган. Ал Намибияда өлгөн баласын көтөрүп бара жаткан пилди тартып алган.
Башка негизги категориялар боюнча жеңүүчүлөр:
- Жаштар сынагы: Оскар Уитфилд, кык коңузунун сүрөтү үчүн.
- Суу астындагы дүйнө: Тони Ву Эббот, мурен жыландарынын жупташуу ритуалынын биринчи сүрөтү үчүн.
- Фотожурналистика: Франсиско Негрони, Патагониядагы өлгөн пуманын сүрөтү үчүн.
- Куштар: Исак Преториус.
- Сойлоп жүрүүчүлөр жана амфибиялар: Антон Сорокин (калифорниялык тритон жумуртка тууп жатат).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















