super.kg logo
  Саясат  

"Өзүңүздү Ташиев сезип алгансызбы?" Элвира Сурабалдиева вице-мэрди жекеликке өтпөөгө чакырды (видео)

 

Бүгүн, 14-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева муниципалдык мүлк жана жерлер тууралуу маалымат ачык эмес экенин айтып, буга шаар тургундары нааразы болуп жатканын билдирди.

Эл өкүлү бул боюнча өзү да бир нече жолу кайрылып, бирок жооп ала албай жатканын белгиледи. Бишкек мэринин орун басары Рамиз Алиев маалыматты расмий кайрылуу менен алууга болорун, мыйзам бузуу фактылары болсо, мэрия жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле "Кудайберген" базары боюнча маалыматты керек болсо, депутатка өзүнчө берүүгө даяр экенин кошумчалады.

Сурабалдиева анын жообуна нааразычылыгын билдирип, вице-мэрди жекеликке өтпөөгө чакырды.

"Сиз өзүңүздү Ташиев сезе баштадыңызбы? Эмнеге жалпы трибунадан жекеликке өтүп жатасыз? Бишкек шаарында акыркы беш жылда мыйзам бузуулар абдан көп. Башында шаардык кеңештен акча бөлдүрүп, анан таштанды челектерди койдурдуңар. Бир жылдан кийин алардын эч кимге кереги жок болуп калды. Эмнеге бул боюнча прокуратура текшерүү жүргүзбөйт? Шаардык бюджетке канча чыгым келди?

Силер эрке балдардай болуп көнүп алыпсыңар. Мэрлердин орун басарлары камалып кетип жатат, сиз эле отурасыз. Сизди текшерген киши жок. Кантип байып жатасыңар?",- деди эл өкүлү.






"Өзүңүздү Ташиев сезип алгансызбы?" Элвира Сурабалдиева вице-мэрге жооп кылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: