Садыр Жапаров бир күндө миңден ашык жаран үйлүү болгонун айтты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда Бишкек шаарындагы Бегматов жана Маликов көчөлөрүндө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган эки турак жай комплексинен батирлердин ачкычын тапшыруу аземине катышты.Өлкө башчысы өз сөзүндө жыл соңуна чейин бир катар шаарларда, райондордо жалпы 20 миңден ашык батир өз ээлерине тапшырыларын эске салды.
"Бул - биз турган “Мурас” турак жай комплексинин 3-этабы. Буга чейин 2 этапка бөлүнүп, 2066 батир пайдаланууга берилген эле. Ал эми бүгүн 1104 батирдин ачкычтарын өз ээлерине тапшырсак, бул аймактан 3170 батирдин курулушун толук бүткөрүп, берген болобуз.
Алдыда 4-этабынын курулушун кийинки жылдын июнь айында бүтүрүү тапшырмасын бердим. Анда 1584 батир берилет. Ошентип, “Мурас” турак жай комплекси жалпы 39 блоктон турган 4754 батирди камтыйт.
Бүгүнкү күндө республика боюнча жалпы 9371 батир пайдаланууга берилип, жарандар өзүлөрүнүн жаңы үйлөрүндө жашап жатышат. Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компания өлкөнүн жети дубанында: Бишкек шаарынан баштап, алыскы Баткен аймагына чейин 65 объектиде 83 миңден ашуун батирдин курулушун жигердүү жүргүзүүдө.
Ал эми ушу тапта биз турган турак жай комлекси менен бир эле убакта шаарыбыздын Кара-Жыгач конушунда 105 батирлүү турак жай онлайн тапшырылганы турат",- деди президент.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:31
2026-10-14
14:39
2026-10-14
11:26
2026-10-14
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















