Ош жана Жалал-Абаддагы аэропорттордун курулушу качан бүтөрү айтылды (видео)
Ош шаарындагы жаңы аэробекеттин курулушун 2026-жылдын аягына чейин, ал эми Манас шаарындагы аэропорттун курулушун 2027-жылдын III кварталында бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда "Кыргызстан аэропорттору" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, мекеменин жетекчиси Манасбек Самидинов бул долбоорлорду ишке ашыруу аймактардын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууда жана өлкөнүн эл аралык авиациялык потенциалын чыңдоодо стратегиялык мааниге ээ экенин билдирди.
“Ош” эл аралык аэропортунда аянты 25 миң чарчы метрден ашкан жаңы заманбап аэробекет комплексинин курулушу уланууда.
Жаңы “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунда аэробекет комплекси, учуп-конуу тилкеси жана аба кемелерин коопсуз жана натыйжалуу тейлөөнү камсыз кылуучу зарыл объекттер курулууда.
Ош жана Жалал-Абаддагы аэропортордун курулушу качан бүтөрү айтылды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















