Айрым жарандар медициналык-социалдык экспертизадан онлайн өтө алышат
Айрым жарандар медициналык-социалдык экспертизадан онлайн өтө алышат. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Эмгек министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, өлкөдө анатомиялык кемтиктери бар жарандар үчүн медициналык-социалдык экспертизадан аралыктан өтүү мүмкүнчүлүгү каралган.
"Медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын ишин реформалоонун алкагында тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилген. Мындай жарандар медициналык-социалдык эксперттик комиссияга жеке барып келүүгө муктаж болбостон, онлайн форматта күбөлөндүрүүдөн өтө алышат", - деп кошумчаланды маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















