Бишкектеги Спорт ордосунун кейиштүү абалы (видео)
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунун абалы жана аны реконструкциялоого даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүү учурунда имаратта нымдуулуктун деңгээли жогору, айрым конструкциялары жана элементтери бир топ эскиргени жана жер төлөдө конструкциялардын бузулганы аныкталган.
Реконструкциянын алкагында инженердик тутумдарды жана желдетүү системасын жаңылоо каралган. Ошондой эле мэр борбор калаанын архитектуралык мурасына аяр мамиле жасап, Спорт ордосунун тарыхый элементтерин сактап калууну тапшырды.
Бишкектеги Спорт ордосунунун кейиштүү абалы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















