super.kg logo

Жогорку Кеңеште акыйкатчынын жылдык баяндамасы угулду

 

Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Жамиля Жаманбаева 2025-жылы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө баяндама жасады.

Анын маалыматына караганда, 2025-жылы Акыйкатчы институтуна жалпысынан 9672 кайрылуу түшкөн. Алардын 7429уна оозеки укуктук кеңеш берилип, 2243 жарандан жазуу жүзүндө кайрылуу кабыл алынган. Мындан тышкары, «115» шыр байланыш кызматы аркылуу 3954 адам кайрылган.

«2025-жылы институт тарабынан 141 чара көрүү актысы жөнөтүлүп, алардын 122си аткарылган», - деди Жамиля Жаманбаева.

Ошондой эле ал кыйноолордун алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн мониторингдер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2025-жылы 811 мониторинг жүргүзүлсө, 2026-жылдын тогуз айында 762 мониторинг өткөрүлгөн. Алардын 719у жабык жана жарым-жартылай жабык мекемелерде жүргүзүлгөн.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар соттолгондордун, анын ичинде аялдардын укуктарынын сакталышы, медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн шарттарды түзүү, эмгек мигранттарын коргоо жана мектептердеги окуучулардын коопсуздугу маселелерин көтөрүштү.

Акыйкатчынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын тогуз айында институтка түшкөн кайрылуулардын саны 65 пайызга көбөйгөн. Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү сот жана укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: