Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Азербайжанга иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропорттон мамлекет башчысын Азербайжандын вице-премьер-министри Самир Шарифов тосуп алды.
Садыр Жапаров Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышат.
Саммиттин алкагында мамлекеттердин, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери аймактык кызматташтыкты тереңдетүү, өз ара байланыштуулук, санариптештирүү жана туруктуу өсүш маселелерин талкуулашат.
Иш-чаранын жыйынтыгында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерди кабыл алуу күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:13
2026-10-15
16:31
2026-10-14
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















