Кыргызстан менен Австрия коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты талкуулады
14-октябрда тышкы иштер министрдин биринчи орун басары Асеин Исаев Австриянын Федералдык коргоо министрлигинин башкы катчысы Арнольд Каммель менен жолугушту. Бул тууралуу тиешелүү мекеме билдирди.
Жолугушууда тараптар кыргыз-австрия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле ЕККУнун алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.
Атап айтканда, ок атуучу куралдарды, жеңил курал-жарактарды жана кадимки ок-дарылардын запастарын башкаруу жаатындагы кызматташтыкка көңүл бурулду. Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздук жаатындагы потенциалын чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана адистердин квалификациясын жогорулатуу маселелери каралды.
Мындан тышкары, тараптар Кыргызстандын жана Австриянын 2027–2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги ишмердүүлүгүнүн алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде тынчтыкты сактоо жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















