Садыр Жапаров Бакудагы расмий эмес кечки тамакка катышты
Президент Садыр Жапаров 14-октябрда Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында Бакуда өткөн расмий эмес кечки тамакка катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (АӨИЧК) мамлекет башчыларынын жетинчи саммитинин катышуучуларынын урматына «Гүлистан» кабыл алуу үйүндө уюштурулду.
Мамлекет башчысын Азербайжандын президенти Ильхам Алиев тосуп алды.
Тосуп алуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегациялардын башчылары расмий эмес кечки тамакка катышуу үчүн залга өтүштү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















