Бишкекте айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган 17 жаштагы бала "шоу" уюштурду (видео)
Бишкекте айдоочулук күбөлүгү жок 17 жаштагы өспүрүм жол кыймылын тескөөчү кызматкерлердин мыйзамдуу талабына баш ийбей, унаа менен качууга аракет кылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалым болгондой, окуя 14-октябрда болду. Лада Приора үлгүсүндөгү унааны айдоочулук күбөлүгү жок жаран башкарып бара жатканы аныкталган. Өспүрүм кызматкерлерге баш ийбей, унаасы менен качып кетүүгө аракет кылды. Айдоочу үйүнө жеткен учурда кармалып, ага карата жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча 9 протокол түзүлдү. Унаа айып короого жеткирилди.
Алдын ала берилген маалыматка ылайык, айдоочуга карата жалпы суммасы 130 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Бишкекте айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган 17 жаштагы өспүрүм "шоу" уюштурду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
nyrbekali87
15.10.2026. 10:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хайп үчүн жол эрежесин бузуп, бирөөнүн өмүрүнө коркунуч келтирип жатышат өзгөчө жаш балдар.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















