Стамбулдун көчөлөрүн жамгырдан кийин суу каптады (видео)
Кечээ, 14-октябрда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Түркиянын ири шаарларынын бири Стамбулду суу каптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жамгыр суусу үйлөрдү, ишканаларды, жолдорду жана жер астындагы өтмөктөрдү каптап, жол кыймылы үзгүлтүккө учурады.
Аталган шаардын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы бир күндө 2518 кайрылуу болгонун билдирип, 76 унаа, 808 турак үй жана 280 ишкана суу астында калганын кошумчалады.
Стамбул губернатору Давут Гүл 15-октябрда мектептер ишин убактылуу токтотконун билдирди. Ошондой эле тургундарга жана конокторго түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
Стамбулдун көчөлөрүн жамгырдан кийин суу каптады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2026-10-15
10:27
2026-10-15
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















