Өзбекстанда балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөргө өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы киргизилди
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев балдарды зомбулуктан коргоону күчөтүүгө багытталган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу кечээ, 14-октябрда Өзбек басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, жаңы мыйзам менен 5 кодекске жана 6 мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. 14 жашка чыга элек балдарга карата сексуалдык зомбулук көрсөткөндөр 25 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Ошондой эле мындай кылмыштар үчүн жоопкерчиликке тартуунун эскирүү мөөнөтү жоюлду. Башкача айтканда, кылмыштын жасалганынан канча убакыт өтсө да, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга болот.
Белгилей кетсек, буга чейин Наманган облусунда бала бакчада 5 жаштагы кыз зордукталганы боюнча окуя резонанс жараткан. Шектүү катары 52 жаштагы бала бакчанын чарба башчысы кармалган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















