super.kg logo

Өзбекстанда балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөргө өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы киргизилди

 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев балдарды зомбулуктан коргоону күчөтүүгө багытталган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу кечээ, 14-октябрда Өзбек басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, жаңы мыйзам менен 5 кодекске жана 6 мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. 14 жашка чыга элек балдарга карата сексуалдык зомбулук көрсөткөндөр 25 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.Ошондой эле мындай кылмыштар үчүн жоопкерчиликке тартуунун эскирүү мөөнөтү жоюлду. Башкача айтканда, кылмыштын жасалганынан канча убакыт өтсө да, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга болот.

Белгилей кетсек, буга чейин Наманган облусунда бала бакчада 5 жаштагы кыз зордукталганы боюнча окуя резонанс жараткан. Шектүү катары 52 жаштагы бала бакчанын чарба башчысы кармалган.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: