Түндүк Корея Япон деңизинде стратегиялык ракеталарын сынады
Түндүк Корея кечээ, 14-октябрда Япон деңизинде суу астынан учурулуучу стратегиялык канаттуу ракеталардын эки түрүн сынады. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат агенттиктери билдиришти.
Маалыматка караганда, сыноонун максаты суу астындагы курал системдеринин даярдыгын текшерүү жана деңиз күчтөрүнүн стратегиялык тапшырмаларды аткаруу мүмкүнчүлүгүн өркүндөтүү болду. Сыноолор Түндүк Кореянын коргонуу каражаттарынын ишенимдүүлүгүн көрсөтүп, коңшу өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жараткан эмес.
Белгилей кетсек, буга чейин Түштүк Кореянын Куралдуу күчтөрү Түндүк Корея Япон деңизин көздөй бир нече баллистикалык ракета учурганын маалымдаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2026-10-15
10:27
2026-10-15
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















