Өнөр адамдары Тажикстанда өткөн сынактан байгелүү кайтышты
Өлкөнүн таланттуу жарандары КМШ мамлекеттеринин XX мааракелик жаштар дельфий оюндарында байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.
Маалымдалгандай, дельфий ондары 5-октябрдан 9-октябрга чейин Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн. Ага Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан барган 10 жаштан 25 жашка чейинки 350дөн ашуун жаш талант катышкан.
Сынактын программасы 10 номинацияны камтыды. Алар: фортепиано, скрипка, сүрөт искусствосу, академиялык ырдоо, элдик ырды жеке аткаруу, эстрадалык ырдоо, элдик бий, көркөм кол өнөрчүлүк, үйлөмө жана элдик музыкалык аспаптар. Байге алгандар:
- Ольга Севостьянова - "Академиялык ырдоо" номинациясынан алтын медаль утту.
- Арууке Аскаралиева - "Сүрөт искусствосунан" күмүш байге.
- "Шаттык" элдик үлгүлүү бий ансамбли - "Элдик бий" номинациясынан күмүш медаль.
- Арина Карпова - "Көркөм кол өнөрчүлүктөн" коло байге.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:21
2026-11-02
9:25
2026-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















