Манас шаарындагы Дөмөр айылында заманбап мектеп курулду
Курулуш министрлиги 15-октябрда билдиргендей, Манас шаарынын Дөмөр айылында 275 орундуу заманбап мектеп курулду.Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 166 миллион сомду түздү.
Архитектуралык долбоорго ылайык, мектептин жалпы аянты 2980 чарчы метрди түзүп, эки кабаттан турат. Имаратта заманбап окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, компьютердик класс жана бардык шарттары каралган спорт зал жайгашкан.
Мектептин курулушу 2025-жылдын апрель айында башталган. Учурда курулуш иштери толук аяктап, объектти жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:16
2026-10-15
15:54
2026-10-15
15:46
2026-10-15
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















