super.kg logo

Пакистанда мектептин чатыры урап 30 адам каза болду (видео)

 

Бүгүн, 15-октябрда Пакистандын Пешавар шаарында жеке менчик мектептин чатыры урап, 29 окуучу жана мугалим каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, каза болгон балдардын баары 13 жашка чейинки өспүрүмдөр экени кабарланууда. Мындан тышкары, 40тан ашык адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилип, айрымдарынын абалы оор деп бааланууда. Кырсык окуучулар сабакта отурган учурда болгон.Полициянын маалыматына караганда, имарат калк жыш отурукташкан Дир-Колони районунда жайгашкан жана курулуш эрежелери сакталбай салынган. Учурда имарат дагы эле урап түшүү коркунучунда тургандыктан, куткаруучулар урандыларды этияттык менен тазалап жатышат. Каза болгондордун саны дагы көбөйүшү ыктымал.

Өлкөнүн премьер-министри Шехбаз Шериф баш болгон жетекчилер каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, урандылардын астында калгандарды тез арада куткаруу тапшырмасын беришти.






Пакистанда мектептин чатыры урап 30 адам каза болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: